Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 21.12.2019 13:10

Өзгөндөгү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Turmush -  Өзгөн шаарынын мэри майып балдардан кабар алды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Кечээ, 20-декабрда Өзгөн шаарынын мэри Муктаржон Халматов шаардагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алды. Алар инклюзивдик түрдө үйдө окушат.

Андан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 тонна, демөөрчүлөр тарабынан 21 тонна көмүр алынып, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Учурда Өзгөн шаарында майып жарандарга көңүл буруу, камкордук көрсөтүүнүн бир айлыгы өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×