Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 19.12.2019 13:31

Өзгөндө мектепке барбай жүргөн 15 өспүрүм аныкталды

Turmush -  Өзгөн районунда «Кароосуз бала» аталышындагы рейд өтүп, мектепке барбаган 15 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Рейд кечээ, 18-декабрь күнү өткөрүлдү. Анын максаты — өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту болтурбоо, турмуш шарты оор өспүрүмдөрдү аныктоо жана чара көрүү, жумушка тартылган окуучулардын мектепке кайра баруусун көзөмөлдөө.

Иш-чара Ош ОИИБдин өспүрүмдөрдүн арасында укук бузууларды алдын алуу борбору жана РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө Өзгөн районунун аймагында мектепке барбай, жумушка тартылган 15 өспүрүм аныкталды. Алардын ичинен 13 баланын ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Калган 2 өспүрүм Ош ОИИБдин өспүрүмдөрдүн арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилди. Тийиштүү документтер топтолгон соң алардын иши комиссиянын кароосуна жиберилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×