Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 19.12.2019 20:00

Өзгөндөгү жатак мектепте мыкты окуган окуучулар Ошто эс алышты

Turmush -  Кечээ, 18-декабрь күнү Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү Марат Разаков атындагы ата-энесинен ажыраган жана кароосуз калган балдардын жатак мектебинде жакшы окуган 20 окуучу (10 бала, 10 кыз) Ош шаарында эс алышты. Бул тууралуу Өзгөн районунун жаштар иштери боюнча адиси Аскар Сапарали уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чара демөөрчүлөрдүн жардамы менен уюштурулуп, окуучулар Ош шаарындагы оюн-зоок борборунда эс алышып, кинотеатрга барышкан. Ошондой эле конок үйлөрдүн биринде алар үчүн сый тамак уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×