Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 19.12.2019 08:55

Кайын эне менен келиндин урушу жана мураска калган бычактан жарадар болгон кайын эже

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн райондук соту Жазык кодексинин 141-беренеси (Аффект абалда ден соолукка оор зыян келтирүү) менен айыпталган Гүлнардын (аты өзгөртүлдү, А.Р.) жазык иши боюнча материалдарды карап чыгып, чечим кабыл алды.

Гүлнар 1993-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Билими жогорку, убактылуу эч жерде иштебейт. Үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес.

Айыпталуучу 2019-жылдын 8-октябрында болжол менен саат 23:30 чамасында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагына караштуу айылдардын биринде жайгашкан турак үйдө бир тууган кайын эжеси — Өзгөн районунун 1984-жылы туулган тургуну Асман (аты өзгөртүлдү, К.Г.) менен болгон пикир келишпестиктин кесепетинен аффект абалда (жан дүйнөнүн эмоционалдуу абалы) болгон. Ал кайын эжесинин сол көкүрөгүнө бычак сайып, денесине жаракат келтирген.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу Асман анча оор эмес жаракат алганы аныкталган. Ал эми соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусунда Гүлнар кылмыш жасап жаткан кезде аффект абалда болгондугу көрсөтүлгөн.

Соттук отурумда айыпталуучу Гүлнар күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алып, окуя болгон күнү кайын энеси менен айтыша кеткендигин, ага таарынып өзүнүн бөлмөсүнө киргенин айтты. Ошол маалда бир тууган кайын эжеси Асман кирип, “бул атамдын үйү, чыгып кет” деп колунан тарткылап, оозго алгыс уят сөздөр менен тилдегенин, ушул учурда анын колунда атасы мураска деп берген бычак болгонун, кайын эжеси менен түртүшүп жатканда колундагы бычак ага сайылып кеткендигин билдирди. Андан ары сөзүн улап, бул ишти атайылап кылбаганын, бычак сайылганын өзү дагы билбей калганын, бирок бүгүнкү күндө жасаган ишине өкүнүп, кайын эжесинен кечирим сурап, жарашууга жетишкенин айтты. Ал өзүнө карата козголгон жазык ишти адилеттүүлүк менен карап, кыскартып берүүнү суранды.

Сотто жабырлануучу Асман окуя болгон күнү Зергер айыл аймагына караштуу айылдардын бирине апасынан кабар алуу үчүн кайын иниси менен барганын, ошол маалда апасы неберелери менен мештин жанында маанайы жок отургандыгын, андан кийин апасы келини менен урушканын айтып бергенин билдирди. Андан ары сөзүн улап, Гүлнардын уктоочу бөлмөсүнө кирип барганын, андан эмне болгондугун сурайын дегенде келини жатып алып турбай койгондугун айтты. Аны колунан тарткан мезгилде Гүлнар бычагы менен сайып жиберип, бөлмөдөн чуркап чыккан. Өзү дароо жерге жатып калып, туугандары ооруканага алып барганын, денесине сайылган бычак өпкөсүнө бир аз жетпей калганын, Гүлнар ушул күнгө чейин кечирим сурабай, азыр кечирим сурап жатканын айтты. Келинин балдары үчүн кечиргенин айтып, айыпталуучуга мыйзамдын негизинде жеңилдиктерди берүүнү суранды.

Жыйынтыгында сот Гүлнарды Жазык кодексинин 61-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотуу) негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×