Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 17.12.2019 15:58 На русском

«17,7 кг алтыны бар» : Социалдык тармактарга тараган кумуралар тууралуу маалымат жалган. Видео

Turmush -  10-декабрда Өзгөн шаарындагы үйлөрдүн биринде ажаткана үчүн жер казылып жатканда кумуралар табылган. Анын видеосу социалдык тармактарга «табылган кумурада 17 кг 700 гр алтын бар» деген маалымат менен тарап кеткен. Бирок кумура табылган үйдүн ээси Мухаммед Эргашов ал маалымат жалган экенин билдирди.

Анын айтымында, жерден эки кумура табылган.

«Мен чуңкур каздырып жатканда 1,5 метр тереңдиктен кумуранын оозу көрүнгөнүн айтып калышты. Балдар биринчи кумураны акырындык менен казып алышса, аркасынан эле экинчиси да көрүнүп калды. Анан музейдин кызматкерлерин чакырып, алар эки кумураны тең казып алышты. Бирок кумуралар бүтүн чыккан жок. Экөөнү тең музейге өткөрүп бердик. Бийиктиги 1 метр 80 см болгон кумуралар экен. Ичинде алтын бар деген маалымат жалган», - деди М.Эргашов.

Анын жубайы видеону социалдык тармактарга жарыялаган адам адамдарды тамашалап, жалган маалымат таратканын кошумчалады.

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башчысынын илимий иштер боюнча орун басары Хайрулло Убайдуллаевдин айтымында, табылган кумуралар музейдин Өзгөн шаарындагы филиалына коюлган. Кумуралар ортоңку кылымдарга (V-XVII кылымдар) таандык экени болжолдонууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×