Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 16.12.2019 13:47 На русском

Жалпак-Ташта түлкүдөн тоок, чөөдөн козу калган жок, - жашоочу. Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Абдыкаар жана Сасык-Булак айылдарында түлкүлөр тоокторду кырып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Айбек Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, эки жылдан бери түлкү жана чөө жашоочулардын тынчын алып жатат.

«Мен Абдыкаар айылынын тургунумун. 150 тоогум бар болчу, азыр 26 тоогум эле калды. 60 тоокту түлкүгө алдырып ийдим. Кошунам дагы тоокторун түлкү жеп жатканын айтууда. Түлкү түндө эмес, күндүз деле кол салып жатат. Түлкү тооктордун башын жулуп, карга көмүп кеткенин да көрүп жатабыз. Сасык-Булак айылынын жашоочулару дагы 100дөн ашык тоокторун түлкү жеп кеткенин айтып жатышат. Биз бул боюнча айыл өкмөткө дагы кайрылганбыз. Бирок түлкүнү атууга тыюу салынган. Алар тоокторубузду кырып салмай болду. Чөө дагы аябай жүдөттү. Короого кирип келип козуларды көтөрүп кетип жатышат. Кеч киргенде балдарды сыртка чыгара албай калдык. Чөөлөр көбөйдү», - деди А.Жолдошов.

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Кутманбек Эралиевдин айтымында, жашоочулар ага кайрылган эмес. Чөөлөр тууралуу тургундардан уккан.

«Мен маалыматты тактап, аймактык аңчылар департаментине кайрылам. Жашоочулар мага кайрыла элек», - деди ал.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинен түлкүнү аткандарга 6 миң сом айып пул салынарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×