Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 13.12.2019 17:25 На русском

«Балдарын сабаган келин»: Видеону үй-бүлөнүн ынтымагын бузуу максатында жарыялашкан, - милиция

Turmush -  Социалдык тармактарга тараган видеодогу өзгөндүк келин балдарын сабаган эмес. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 11-декабрда социалдык тармактарга болжол менен 25-30 жаштагы келин күйөөсүнө өчөшүп, өзүнүн эки жаш баласын уруп жаткан видео тараган.

«Видеодогу келинди тактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, видеодогу келин Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 1989-жылы туулган тургуну К.М. экени такталды. Видео ушул жылдын ноябрь айында Россия Федерациясынын Москва шаарында тартылгандыгы белгилүү болду. Видеодогу келин учурда күйөөсү жана балдары менен ынтымактуу жашап жатат.

Ал эми видеонун тарыхы такыр башкача. Сабалды делген балдардын атасы бир топ жылдан бери Россияда иштеп жүргөн. Балдары атасын сагынып, ыйлашчу. Андан сырткары ар кандай ушактар айтыла бергендиктен, балдары ага ызаланып ыйлаган учурун апасы видеого тартып алып, күйөөсүнө жөнөткөн. Андан кийин атасы үй-бүлөсүн Москвага чакыртып алган. Үй-бүлө 8-ноябрдан тарта Москва шаарында чогуу жашап жатат.

Ошондой эле видеону интернетке жарыялаган адам үй-бүлөнүн ынтымагын бузуу үчүн таратканы тастыкталды», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×