Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 12.12.2019 10:28

Өзгөндө экинчи калкты тейлөө борбору ачылды (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда универсалдуу калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылында калкты тейлөө борборунун ачылышы өттү. Аталган жайда өлкө боюнча алгачкы жолу паспорт жана жарандык абалдын актыларын каттоо кызматтары менен катар эле транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Ошондой эле тургундар «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча паспорт же идентификациялык жеке номур алуу, балага сүйүнчү жана жөлөк пул алууга документтерди тапшыруу, транспорт каражатын каттоо, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн документтерди толуктоо иштерин жүргүзө алышат.

Жаңы калкты тейлөө борборунун жалпы аянты 410 чарчы метрди түзүп, ичинде маалымдама, күтүү залы, касса, фото жана ксерокөчүрмө кызматтары каралган.

Жашоочулар бардык зарыл документтерин аталган жерден топтой алышат. Калкты тейлөө борборунда видеокамералар орнотулуп, электрондук кезекке туруу сыяктуу бардык кызматтар автоматташтырылган.

2017-жылы Өзгөн шаарында күн сайын 500 адамды тейлөөгө ыңгайлашкан калкты тейлөө борбору ачылган. Бирок бүгүнкү күндө ал жерге күнүнө 800дөн ашуун арыз берүүчү кайрылып жатат. Анын кесепетинен узун кезектер жаралып, нааразычылыктар болууда. Ошондуктан Өзгөн районунда жаңы форматтагы экинчи калкты тейлөө борборун ачуу тууралуу чечим кабыл алынган.

-------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөн районундагы калкты тейлөө борборунун абалы социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жаратканын, алар борбордон бир документ алуу үчүн 3-4 саат кезекке туруу керек экенин билдиришкенин жазган.

Кийинчерээк өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгына жооп берген.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×