Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 12.11.2019 11:43 На русском

Кыргызстандык мигрант кичи мекенине 2,3 млн сомдук белек тартуулады (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Дөң-Булак айылынын Россияда эмгектенген тургуну айылына футбол аянтчасын куруп берди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Суйөрбек Аманов билдирди.

Анын айтымында, 45 жылдан бери Россияда эмгектенип жүргөн Жолдошбек Шамырзаев өзүнүн кичи мекенине футбол аянтчасын куруп берүүгө 2 млн 300 миң сом каражат бөлүп берген. Футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, райондун акими Бактыбек Алайчиев, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Султанов жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Аянтча 9-ноябрда пайдаланууга берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×