Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 03.10.2019 11:46 На русском

Өзгөндө бактек аткан адам 14 миң сом айып төлөдү

Turmush -  Өзгөн районунда келгин кушту аткан адамга 14 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, учурда аңчылык мезгили башталып, мыйзамсыз түрдө канаттууларды аткан мергенчилерге карата рейддер жүрүүдө.

30-сентябрь күнү Өзгөн районунун аймагынан бактек аткан 55 жаштагы тургун кармалып, 14 миң сом айып төлөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×