Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 02.10.2019 17:16 На русском

Учуучу аппарат жасаган Сапарбекке россиялык мугалим дельтаплан белек кылды. Видео

Россиялык мугалим белек кылган дельтаплан
Россиялык мугалим белек кылган дельтаплан

Turmush -  Өзгөн районунун Чаңгет айылынын 39 жаштагы тургуну Сапарбек Мырзакматов 3 жылдан бери дельтаплан (моторсуз учуучу аппарат) жасоо менен айылдаштарын таң калтырып жүргөн. Анын эмгегин Россиянын Москва шаарынын тургуну Максим көрүп, колго жасалган дельтаплан адам өмүрүнө кооптуу экенине тынчсызданып, Сапарбек мырзага даяр дельтапланды белек кылды. С.Мырзакматов менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, С.Мырзакматов 3 жылдан ашуун убакыттан бери дельтаплан жасоо менен алектенип жүргөн. Бирок колго жасалган дельтапландын салмагы 60 кг, өзүнүн салмагы 70-80 кг болуп, узакка учууга мүмкүн болбой келген.

Сапарбек мырзанын дельтапланын интернет аркылуу москвалык мугалим Максим көрүп калып, аны менен телефон номурун таап байланышкан.

«Мен үчүн дельтапланда учуу мурункуга караганда бир топ жеңил болуп калды. Анткени мурун өзүм жасаган 60 кг салмактагы дельтапланды тоого көтөрүп чыгып, 2-3 саат кураштырып, анан уччумун. Азыр болсо,белекке берилген учуучу жабдыктын салмагы 26 кг, аны кураштырууга 20 мүнөт убакыт кетет. Кубанычтамын. Эмгегим чет жерде да бааланып, мага күтүлбөгөн белек болду. Элдер менин мурдагы дельтапланда учканымды көрүп, анча кызыгышчу эмес. Учурда жаңы дельтаплан менен учканымды көргөн адамдардын дагы учкусу келип, үйрөтүүнү суранып жатышат. Бирок билбеген адамга учуу кооптуу экенин айтып, үйрөткөндөн кийин учура турганымды айтып жатам»,- деди С.Мырзакматов.

Россиялык мугалим салып жиберген дельтаплан

Өзү жасаган дельтаплан

Буга чейин Turmush басылмасы Сапарбек мырза бала кезинен эле учуучу аппарат жасаганды кыялданганын, өзү темир уста экенин жазган.

«Атам темир уста болгон. Аны менен көп жүрүп темир иштетүүнүн көптөгөн сырларын үйрөндүм. Кыргызда “Атаң кылган ишти кыл” деген сөз бар эмеспи, атамдан калган ишти улантып келе жатам. Бала кезимден эле учууну кыялданып, түшүмдө учуп жүрө берчүмүн. Ошондуктан дельтаплан жасаганга менин кыялым түрткү болду окшойт. Дельтапланды убактылуу темир жана сапаттуу кездемеден жасадым. Анткени мындай учакка сапаттуу жана жеңил кездемелер керек. Тилекке каршы андай кездемелер Кыргызстанда жок экен. Каражат болсо Россия же Өзбекстандан буюртма кылып, алдырам. Мындай учуучу аппаратты бир нече жолу жасап көргөм, бирок ойдогудай болбой калган. Дельтапланды учууга ылайыктоо үчүн аны айрым канаттуулардын канаттарына окшоштуруп жасадым. Алгач жасап жатканда бир топ кыйынчылыктар болду, дароо эле окшошуп кеткен жок. Бир караганда оңой көрүнгөнү менен иш жүзүндө көп түйшүктү талап кылат»,- деген темир уста.

Ал өзү жасаган дельтапланда 60-70 жолу учуп көргөн.

«Дельтаплан кайсы тарапка оосоң ошол тарапка бурулат. Шамалдын ылдамдыгына жараша учуу керек. Анткени учуп бара жатканда шамал аңтарып жибериши мүмкүн. Негизи бийик жерден учканда коопсуздук үчүн парашют алып алыш керек. Жакынкы күндөрдө дельтапланды титан темир таап, жасайм. Анткени титан жеңил жана бышык болот. Кошумча мотор коюуну дагы пландаштырып жатам», - деди Сапарбек Мырзакматов.

Буга чейин россиялык бир киши менен интернет аркылуу байланышып, ал дельтаплан жасоонун ыкмаларын көрсөтүп берген. Андан тышкары Казакстанга чакырышып, акысыз окутуп, бир дельтапланды белекке берүүнү сунушташкан. Бирок Сапарбек мырза үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ал сунушка көнгөн эмес.

Учурда Сапарбек Мырзакматов жубайы менен 3 кыз жана 3 уулун тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×