Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 25.09.2019 11:14

Өзгөндө жаштар кичи футбол боюнча мелдеште күч сынашты. Сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жаштар арасында кичи футбол боюнча достук мелдеши өттү. Бул тууралуу турнирге катышкан Азиз Мавлянов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, демөөрчүлөр тарабынан байгеге 40 миң сом коюлган. Өзгөн району боюнча жалпы 20 команда күч сынашкан.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орун — Өзгөн шаарынын «Нусрат» командасы;

- 2-орун — Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн «Биримдик» командасы;

- 3-орун — Куршаб айыл өкмөтүнүн «Алдиер» курама командасы.

Жеңүүчүлөргө грамота, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×