Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.09.2019 11:24

Өзгөндө жашоочулар жана мамлекеттик кызматкерлер машыгып жатышат (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик кызматкерлер ден соолугун чыңдап жатышат. Бул тууралуу Өзгөн райондук дене тарбия жана спорт комитетинин инструктору Калдар Эркинов билдирди.

Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга даярдоо клубунун машыктыруучулары «Спорттук Кыргызстан» программасынын алкагында жашоочуларды жана мамлекеттик кызматкерлерди машыктырып башташкан.

«Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунан келген машыктыруучулар Кызыл-Кыя шаарында сабак өтүшүп, эми Өзгөн районунда машыгуулар башталды. Иш-чаранын негизги максаты — калкты спортко үндөө. Машыгууга бардык мамлекеттик кызматкерлер катышууга укуктуу.

Алгач машыктыруучулар жана дене тарбия мугалимдери өздөрү норматив тапшырышты. Эми мектеп мугалимдери, окуучулар жана башка кызматкерлер жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышат. Учурда ар бир мекеме-ишкананын кызматкерлери, мугалимдер кезеги менен нормативдерди тапшырып баштады. Айымдар 5 категория боюнча норматив тапшырса, мырзалар 8 категория боюнча норматив тапшырып жатышат. Алардын арасында турникке тартынуу, отжимания жасоо, узундукка секирүү, бийиктикке секирүү, кыска жана алыс аралыкка чуркоо дегендер бар.

Машыгуу мектептердин жана жеке менчик ишканалардын стадиондорунда өтүп жатат. Ага жергиликтүү тургундар да кошулуп жатышат. Жакында жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн катышуучуларга алтын, күмүш төш белгилер жасалып, тапшырылат. Мындай иш-чаралар жыл сайын август, сентябрь айларында өтүп турат», - деди Калдар Эркинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×