Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 20.09.2019 14:16 На русском

2 жаштагы кызын сабаган милиционердин видеосу. Подполковник менен майор дагы жазаланды

Turmush -  Өзбекстандын Фергана облусунун Риштан районуна караштуу Жайылма айылында өсүп, Ош облусуна келин болгон Одина Тураева жолдошу тарабынан зомбулукка кабылганын аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жолдошу кызын дагы сабаган.

«Жолдошум экөөбүз 2015-жылы июнь айында баш кошконбуз. 2017-жылы 9-майда кыздуу болдук. Кызым 2-3 айга толгон кезде жолдошум үйгө спирт ичимдигин ичип келчү болду. Башка кыздар менен жүргөн жеринен да кармап калдым. Ошондуктан ажырашып кеткенбиз. Кызымды чек арадан өткөрүү үчүн мага жолдошумдун ишеним каты керек. Жолдошум менен ажырашкандан кийин кайра өзүмдүн фамилиямды алгам. Жолдошум ишеним кат жазып берди. Бирок өзүмдүн фамилиямды алганым үчүн ишеним каттагы фамилиям менен дал келбей, чек арадан өтө албай калдым. Мурдагы жолдошумдан экинчи жолу ишеним кат жазып берүүнү суранганда, ал "паспортумду жоготуп алдым" деп койду. Анан кызымды сабап, мойну көгөрүп калды. Мени да уруп, көйнөктөрүмдү айрып салган. Буга чейин батирде жашап жаткам, эми кризистик борборго келдим», - деди О.Тураева.

Социалдык тармактарга жарыяланган видео.

Эскертүү: видеодо адепсиз сөздөр айтылган жана сезимтал адамдарга көрүүгө сунушталбайт!

О.Тураеванын мурдагы жолдошу М.А. Кара-Суу районунун айылдарынын биринде милиция кызматкери болуп иштечү. Жакында эле жумушунан чыгып кеткенин М.А. өзү билдирди. Анын айтымында, мурдагы жубайы тарабынан айтылып жаткан сөздөр чындыкка дал келбейт.

Ал эми Одина Тураева Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арыз Ош облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп, бирок кийинчерээк кайра РИИБге жөнөтүлгөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-сентябрь күнү жактоочу Айсалкын Карабаева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына «Өз кызына кордук көрсөткөн милиция кызматкери жоопко тартылбай жатат. Бул тууралуу наристенин апасы арызданууда» деген аталыштагы маалыматты жарыялаган. Анын негизинде Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

Кызматтык иликтөө учурунда ушул жылдын 31-май күнү Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн тургуну — 1989-жылы туулган О.Тураева арыз менен кайрылганы аныкталган. Ал 31-май күнү саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Мады айылында мурдагы жолдошу М.А. «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасында 2017-жылы төрөлгөн кызын себепсиз ургандыгын билдирген. О.Тураева мурдагы жолдошуна карата чара көрүүнү суранып, анын арызы Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо журналына катталган. Топтолгон материалдар Кара-Суу РИИБге жөнөтүлүп, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин 66-беренесинин (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) 1-бөлүгү боюнча катталган.

Тергөө учурунда М.А. Кара-Суу РИИБдин аймактык милиция бөлүмчөсүндө иштегени такталган жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз арызы менен кызматынан кеткендиги белгилүү болгон. М.А. өзү үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам ачууга алдырып, кызына кол көтөргөнүн билдирген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, материалдар сотко жөнөтүү алдында турат.

«Кызматтык текшерүү учурунда Ош ОИИБдин жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлери Ош ОИИБге кылмышка шектүүнүн ички иштер органдарында иштегендиги тууралуу маалыматты бербей, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча ар тараптуу жана толук тергөө амалдарын жүргүзбөй жана мыйзам чегинде негиздүү чечим кабыл албай, ички иштер органдарында иштеген кызматкерлердин дарегине сын-пикирлердин жаралышына шарт түзүп, Жазык-процессуалдык кодексинин, ички иштер органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузуп, кол алдындагы кызматкерлерине тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Кара-Суу РИИБдин жана Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчилери — милициянын подполковниги Ж.С. жана милициянын майору О.Э.ге тартиптик жаза берилди. Ички иштер органдарында иштеп жатып укук бузууларга жол берген кызматкерлерге ички иштер органдарынын катарында иштөөгө жол берилбейт», - деп айтылат Ош ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×