Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 17.09.2019 18:13 На русском

Талаада аркандалган 4 малды уурдаган милиция кызматкерлери кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунда 4 мал уурдаган эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасы билдирди.

Ушул жылдын 15-сентябрында Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургундары Ж.Р., Ш.М., Б.С. жана Б.Ү. райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 11-сентябрга караган түнү аталган айыл өкмөткө караштуу эгин талаасында аркандалган 4 мал (2 уй, 2 торпок) белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдиришкен. Аталган факт Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган кылмышка шектүү катары Көк-Жар айыл өкмөтүнүнн Жийде айылынын 1996-жылы туулган тургуну М.Ш. жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1990-жылы туулган тургуну П.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кармалган эки шектүү тең Кызыл-Кыя шаардык күзөт бөлүмүнүн милиционерлери. Азыркы күндө тергөө иштери райондун прокуратурасы тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тиешеси такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×