Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.09.2019 20:56

«Балдар 1 күн окуп, 3 күн ооруп калышат»: Өзгөндөгү авариялык абалдагы 2 мектептин окуучулары

Turmush -  Өзгөн районунда 2 мектептин окуучулары авариялык абалдагы мектептерде окуп жатышат. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева кечээ, 11-сентябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Вице-спикердин айтымында, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Тарык айылындагы №95 Т.Жоробеков атындагы жана Үч-Капчал айылындагы №51 Т.Оморкулов атындагы орто мектептери 1990-жылдары ашар жолу менен курулган. Алардын пайдубалы ылай жана таштан тургузулган.

«2015-жылдын 17-ноябрында катталган катуу жер титирөөнүн кесепетинен мектептердин дубалында жаракалар пайда болуп, имараттар кооптуу болуп калган. Жалпак-Таш айылынын шарты катаал, тоолуу аймак. Кышында жаракалардан кирген шамалдан балдар бир күн окуп, үч күн ооруп калып жатышат. Учурда дубалдары урап жатат. Коопсуздук талаптарына такыр жооп бербеген мектептин имаратынын курулушун тез арада баштабасак, эртең кеч болуп калышы мүмкүн», - деди Аида Касымалиева.

Депутат соңку 3 жылдан бери өкмөт башчылар жеринен кабар алганы менен жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын мектепте билим алууга кооптуу деген чечими бар экенин айтты.

Мындан сырткары А.Касымалиева аталган айылдарда демөөрчүлөрдүн жардамы менен таш иштеткен (травертин) ишканаларды курса болорун билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×