Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 10.09.2019 15:40

Өзгөндө айыл өкмөт башчы 3 эмдүү болду

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Ташиевдин үй-бүлөсүндө 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, айыл өкмөт башчынын 35 жаштагы жубайы 9-сентябрь күнү Ош шаардык төрөт үйүндө көз жарган. Ал 2 кыз, 1 уул төрөдү. Буга чейин үй-бүлөнүн 2 уул, 1 кызы бар болчу. Тургундар ымыркайларга чоң энеси ысым тандап жатканын айтышты.

Ош шаардык төрөт үйүнөн дагы 3 эм төрөлгөндүгү тууралуу маалыматты тастыкташты.

«Ширин Моңолбаева 35 жашында 3 эмдүү болду. Ал Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургуну. Төрөт үйүнө 9-сентябрь күнү түнкү саат 01:52де келип, эртең мененки саат 05:55те төрөдү. Биринчи кызы 1 кг 825 гр, экинчи кызы 1 кг 630 гр, уулу 2 кг 70 гр салмакта төрөлүштү», - деди Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова.

Алтынбек Ташиев

Алтынбек Ташиев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×