Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.08.2019 09:25

Өзгөн районунун делегациясы Ак-Сууга келди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна тажрыйба алмашуу максатында Ош облусунун Өзгөн районунун акими баштаган делегация келди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Делегацияны өкмөттүн өкүлү Акылбек Осмоналиев кабыл алды. Ал эки райондун жетекчилеринин кызматташуудагы алакасынын өнүгүшүн каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык-экономикалык маселелер талкууланып, эки райондун ортосунда ынтымакты бекемдөө үчүн достук кербенин улантуу керектиги белгиленди. Ал эми келген коноктор үч күн аралыгында Ак-Суу районунун алдыңкы айыл аймактарына барып, аткарылып жаткан иштер менен таанышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×