Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусу, Нарын 13.08.2019 15:14

Нарында эки илбирстин жанынан өрттөнгөн унаа

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Нарын шаарынан Оттук айылына бараткан унаа толугу менен өрттөндү. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ЖКККБдан тастыкташты.

Маалым болгондой, кечээ, 12-августта саат 16:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 337-чакырымында Нарын шаарынан Оттук айылына бара жаткан «Ауди 100» автоунаасы өрттөнгөн. Күбөлөрдүн айтымында, унаа эки илбирстин эстелиги тараптан өрттөнүп, ичиндеги эки адам сыртка качып чыгышкан.

Өрт унаанын электр чубалгыларынан улам келип чыккан. Учурда Нарын РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин Нарын шаарында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×