Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуӨзгөн району 04.08.2019 22:39

Өзгөндүн Баш-Дөбө айылында ЕАЭБдин талаптарына жооп берген касапкана иштеп жатат

Turmush -  Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылында касапкана иштеп жатат. Журналисттер анын иши менен таанышып кайтышты.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Данияр Маматалиевдин айтымында, бул жай 1 ай мурда ачылган. Учурда күнүнө 20-25 баш бодо мал, 40 баш жандык мал союлуп жатат. Касапканада ветеринардык лаборатория да бар. Эт ал жерде текшерилгенден кийин гана базарларга жиберилет. Мал негизинен той-аш, ар кандай мааракелер үчүн союлат. Эт экспорттоло элек. Бирок касапкананын шарттары ЕАЭБдин талаптарына жооп берет.

Зайна Базарбаеванын айтымында, бул жай жылкы заводдун базасында ачылды.

«Бул тармакта комплекстүү өнүгүү болушу керек. Бизде тоют базасы да бар. Ар жылы жазда жайлоого 200 башка чейин бодо мал айдайбыз. Күздө кайтып келгенде дагы семиртилип союлат. Касапкана жергиликтүүлөрдөн да буйрутмаларды алат», - деди ал.

Касапкананы ачуу үчүн 6% менен 13 млн сом насыя алынган. Өздүк салымдын көлөмү 3 млн сом болгон. Учурда бул жерде 16 адам иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×