Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуӨзгөн району 02.08.2019 09:47

«Күйүүчү май жок»: Өзгөндө каражат кечиккендиктен жол оңдоо иштери токтоп турат

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү Жазы айылынан Эркин-Тоо айылына чейинки 8 чакырым жол 2 жылдан бери казылган бойдон турат. Анын кесепетинен айдоочуларга ыңгайсыздык жаралып жатканын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын бири Калысбек Мамытов казылган чуңкулар толтурулбай жатканына нааразы.

«Жолдорду толук оңдобосо казбай эле коюш керек болчу. Унаалардын дөңгөлөктөрү кырчылып жатат. Унааларга болгон салыктын мөөнөтү өтүп кетсе 2 миң сом айып салышат. Мыйзам өздөрүнө иштебейби? Былтыр дагы жолду оңдоп-түзөөгө жетишпей, кар жаап салган», - деди К.Мамытов жол жасаган ишканага нааразы болуп.

Ал эми Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Бакировдун айтымында, аталган жол №5 жол тейлөө ишканасынын карамагында.

«Биз бул маселе боюнча №5 жол тейлөө ишканасына кат жолдогонбуз. Жергиликтүү тургундар бизге дагы кайрылып жатышат. Колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Өткөн жылы Жазы айылынан Эркин-Тоо айылына чейинки 10 чакырым жол оңдолуп, 8 чакырымы калган», - деди К.Бакиров.

№5 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Авазбек Нурматов күйүүчү майга убагында каражат бөлүнбөй, жумуштар кечеңдеп жатканын айтты.

«Туристтик мезгил башталганына байланыштуу Мырза-Аке—Кара-Шоро жолу жамалды. Ийри-Суу—Чаңгет—Кара-Шоро жолу да оңдолуп бүттү. Өткөн жылы битумдун (кара чайыр) жоктугунан жолдор толугу менен жамалып бүтпөй калган. Быйыл битум бар, бирок күйүүчү майга каражат убагында которулбай калып, кечигип жатабыз. Ийри-Суу, Чымбай, Кеңеш, Жылалды, Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо айылдарындагы жумуштар толугу менен бүтпөй калган. Бир жумадан кийин Эркин-Тоо, Кызыл-Тоо, Жазы айылындагы жолдорду жамоо иштери башталат», - деди А.Нурматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×