Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуӨзгөн району 24.07.2019 17:42 На русском

Өзгөндүк жаштар 200 энени ресторанда сыйлашты (сүрөт)

Turmush -  17-июль күнү Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Шоро-Башат айылынын жаштары 200 энеге сый тамак уюштурушту. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Өзгөнбай уулу Нурбек аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жаштар Шоро-Башат айылындагы пенсияга чыккан апаларга жана мугалимдерге, баатыр энелерге акчалай сыйлыктарды, баалуу белектерди тапшырышкан.

«Энелерди Куршабдагы ресторандардын биринде коноктоп, ак батасын алдык. Энелер ырдап, бийлеп, куттуктоо сөздөрүн айтышып, жаштарга ыраазычылыгын билдиришти. Энелерди сыйлоо аземине Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы жана айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар катышкан», - деди Өзгөнбай уулу Нурбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×