Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуӨзгөн району 22.07.2019 15:40

«Кара-Шоро — кенен жайлоо, эс алууга барганга»: Өзгөндөгү жаратылыш паркы эс алуучуларды кабыл алууга даяр. Сүрөт

Кара-Шоро жаратылыш паркы
Кара-Шоро жаратылыш паркы

Turmush -  Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркы Өзгөн районунда Тянь-Шань жана Памир-Алай тоолорунун ортосунан орун алган. Райондун борборунан 80 чакырым алыста, Жазы жана Коңур-Дөбө сууларынын кошулган жеринде, деңиз деңгээлинен 2 миң 300 метр бийиктикте жайгашкан. Ал эми эң бийик жери 4 миң 200 метрге чейин жетет.

Жаратылышынын кооздугу, мөлтүр таза суулары менен өзүнө тарткан жаратылыш паркын учурда Сардалбек Койлубаев жетектейт. Анын айтымында, аталган жайлоодо токойчулар жыл сайын карагай, кайыңдын көчөттөрүн отургузуп турушат.

Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркы 1996-жылы негизделген. 13 миң 440 гектар жерди ээлейт. Анын 540 гектары эс алуучулар үчүн бөлүнсө, 9 миң 100 гектары жайыт катары пайдаланылат. 2 миң 100 гектар жери өзгөчө корголуучу аймакка кирет.

Булактарына 1948-1954-жылдары геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алар табигый түрдө 70-130 метр тереңдиктен чыгат. Адамдын ички органдары үчүн табылгыс дабаа экени айтылат.

Тоолордун чокуларын мөңгү каптап, этегинде миң түркүн чөп, өсүмдүктөр жана суунун жээктеринде арча, кайың, карагайлар өсөт.

Кара-Шоро жаратылыш паркында туристтер үчүн бардык шарттар каралган. Сууну бойлой ар түрдүү формадагы чатырлар, темир күркөлөр жана илгеркидей жасалгаланган, оймо-чиймелүү шырдактар салынган кооз боз үйлөр тигилип турат. Булактын жанына жеңил конструкциядагы мечит да курулган.

Парктын директору С.Койлубаев ар бир эс алуучу табияттын кооздугун сактоо үчүн өз салымын кошушу керектигин билдирди.

«Өзгөчө табиятты сактоо, аны көркүнө чыгаруу тууралуу жалпы карапайым калкка кайрылгым келет: көз жоосун алган жерибизди кийинки муунга өткөрүп, эс алуучуларга жагымдуу атмосфера тартуулайлы. Эс алууга келүүнү кааласаңыздар Кара-Шоро мамлекеттик паркын тандаңыздар жана миң ооруга шыпаа табасыздар», - деди С.Койлубаев.

Аталган жаратылыш паркында жалпысынан 13 кызматкер эмгектенет. Алар: жетекчи, жетекчинин орун басары, токой башчысы, 4 токойчу, инженер, илимий кызматкер, 2 күзөтчү, администратор жана бухгалтер.

С.Койлубаевдин айтымында, коопсуздук маселеси дагы жолго коюлган. Туристтер үчүн атайын токулган аттар даярдалып, аларды минип алып Кара-Шоро жаратылыш паркы менен таанышууга бардык шарттар бар.

Эс алууга келүүнү каалагандар 0 773 15 79 69 телефон номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×