Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 20.07.2019 17:13 На русском

Сүрөт — Кочкордо «Ауди-100» унаасы оодарылып кетти

Turmush -  Кочкор районунда жол кырсыктан улам айдоочу ооруканага түштү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык 20-июлда саат 10:50 чамасында Кочкор—Ормон хан унаа жолунда катталган. Кара-Суу айылынан Кочкор районуна бара жаткан ак түстөгү «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаада айдоочу гана болгон.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жабыркап, ооруканага жеткирилди. Ал эми жеңил унаа жараксыз болуп калган. Учурда кырсыктын себебин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×