Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуӨзгөн району 16.07.2019 13:17

Сүрөт — Өзгөндө 8,5 км алыстан таза суу тартылып, эки ФАП курулду

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө таза суу чагарылып, 2 айылда ФАП курулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Кубанычбек Бакиров билдирди.

Анын айтымында, 2 ФАП араб өлкөлөрүнөн келген инвесторлордун жардамы менен курулду.

«Кызыл-Тоо айылына 8,5 км алыстан суу тартылды. Араб өлкөлөрүнөн келген инвесторлор берген 1 млн 225 миң сомго жана жергиликтүү тургундар чогулткан 500 миң сом каражатка суу чыгарылды. Эми Кызыл-Тоо айылындагы элдин 80 пайызы таза суу менен камсыздалды. Мындан сырткары ошол эле инвесторлордун көмөгү менен Кызыл-Тоо жана Доңуз-Тоо айылдарында ФАП курулуп, ачылуу алдында турат», - деди К.Бакиров.

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө 5 айыл карайт. Учурда Эркин-Тоо айылынан башка бардык айылдарда таза суу чыгарылган. Ал эми Эркин-Тоо айылында таза суу чыгаруу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×