Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуӨзгөн району 15.07.2019 14:12

Өзгөндө 3 жаштагы бала бассейнге чөгүп кетти

Turmush -  Өзгөн районунда 3 жаштагы бала бассейнге чөгүп каза болду. Бул маалыматты Өзгөн аймактык ооруканасынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, кечээ, 14-июль күнү Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылынын 2016-жылы туулган тургуну К.А. Салам-Алик айылындагы бассейнге түшкөнү барганда чөгүп кеткен. Аны ооруканага жеткиришип, бирок дарыгерлер медициналык кароодон өткөргөн учурда бала каза болгону аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×