Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 05.07.2019 10:42 Жаңыланды: 05.07.2019 11:56 На русском

«Темир аял» Зайна Базарбаева ЕАЭБдин талаптарына жооп берген мал союучу жай ачып, эт экспорттоого даяр. Видео

Turmush -  Кечээ, 4-июль күнү Өзгөн районунда Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) талаптарына жооп берген жаңы мал союучу жай ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев, мамлекеттик ветеринардык инспекциянын бөлүм башчысы Зарылбек Абдылдаев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тургундар катышты.

«Касым-Ата» фермердик чарбасынын базасында түзүлгөн мал союучу жайдын ээси — жеке ишкер Зайна Базарбаева аталган жайда этти чет өлкөгө экспорттоо үчүн толук шарттар түзүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалганын билдирди. Анын айтымында, цехти курууга жалпы 12 млн сом сарпталган.

Мал союучу жайда 2 нөөмөт менен 25 жумушчу иштейт. Ичинде 20-40 тоннага ыңгайлашкан муздаткыч дагы бар.

Ветеринардык инспекциянын бөлүм башчысы Зарылбек Абдылдаевдин айтымында, жаңы ачылган мал союучу цехтин жабдыктары Россиядан алынып келген.

«Бул мал союучу жай ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берет. Жабдыктар Россия мамлекетинен жалпысынан 11 млн сомго алынып келген. Ушундай талапка жооп берген мал союучу жайлар дагы ачылышы керек. Анкени эт мал союучу цехтен ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, андан кийин ички базарларга жана экспортко чыгышы керек деген талаптар бар. Бул мал союучу жай Бажы биримдигинин реестрине киргизилди. Эми бул жерден этти экспорттосо болот», - деди Зарылбек Абдылдаев.

Мал союучу цехтин ээси Зайна Базарбаева дагы буйрутмаларды алып, ага жараша эт экспорттоого даяр экенин айтууда. Ал аталган цех бир убакта 50 ири мүйүздүү малды сойгонго ыңгайлашканын билдирди.

«Бул мал союучу жайды 2017-жылы куруп баштаганбыз. 2,5 жылда толугу менен курулуп бүттү. ЕАЭБдин талаптарын окуп, үйрөнүп чыктык. Россияга барып, жабдууларды алып келдим. Келечекте ишканабызды дагы өнүктүрүүнү пландап жатабыз», - деди Зайна Базарбаева.

Буга чейин Turmush басылмасы ишкер айымдын «Касым-Ата» жылкы заводу тууралуу жазган.

Алгач 26 жылкы баккан фермер айым жылкылардын санын 175ке чейин жеткирген. Ал асыл тукум жылкы заводуна атасынын ысымын ыйгарган болчу.

Андан тышкары З.Базарбаева жылына 300 бука байлап сатат. Эл арасында «Темир аял» атка конгон айым ишкерликти СССР тарагандан кийин баштаган (толугу менен бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×