Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуКочкор району 25.06.2019 09:14 На русском

Эс-учун жоготкон окуучулар: Кочкордо мүрзөнүн үстүндөгү мектептин жаңы имараты курулуп баштады

Turmush -  Кечээ, 24-июнь күнү Кочкор районунун Туз айылындагы Жунушалы кызы Сайнап атындагы 225 орунду орто мектептин жаңы имаратынын капсуласы салынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, быйылкы жылы мектепти курууга өкмөттөн 7 млн сом бөлүнгөн. Ал эми мектептин жалпы сметалык наркы 58 млн 331 миң 283 сом.

Буга чейин Нарын облусунун Кочкор районунун Туз айылында эски көрүстөндүн үстүндө курулган делген Жунушаалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинин имаратынын ден соолукка зыяндуулугу аныкталганын Кочкор райондук мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Бактыгүл Орозбактиева билдирген болчу.

Анын айтымында, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкуловдун кайрылуусунун негизинде мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мектептин курулуш материалдарын лабораториялык изилдөөгө алышкан.

«Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тарабынан мектепте мындан ары окуу мүмкүн эместиги аныкталды. Мектептин курулуш материалдары темирден жасалып (профнастиль), каркастын ортосу жылуулоочу плиталар (пена) менен толтурулган. Формальдегид, фенол, ртути, диоксид углерод аталган химиялык заттар нормадан жогору болгондуктан, адамдын организмине тез сиңип, дем алуу органдарына, тери ооруларына, нерв системасына, өзгөчө көрүү органына терс таасирин тийгизип, акырында мутацияга алып келиши толук мүмкүн экендиги, фенолдун буусу менен дем алууда баш айланууга, баш ооруга жана жүрөктүн иштешинин токтоосуна алып келээри аныкталды», - деди башкы дарыгер.

Ага чейин Туз айылынын тургуну Мамбетов Улан мектептен жагымсыз жыт чыгып, балдар эс-учун жоготуп жыгылып жаткандыгы тууралуу маалыматты өкмөттүн аппаратына жолдогон. Өкмөттүн аппараты бул материалды райондук мамлекеттик администрациясына териштирүү үчүн жиберген.

Жергиликтүү бийлик тарабынан комиссия түзүлүп, анын курамына райондук билим берүү бөлүмүнөн жана райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан өкүлдөр, мугалимдер, ата-энелер, окуучулар кирген. Комиссия тарабынан мектеп 2007-жылы Корея мамлекети тарабынан 240 окуучуга ылайыкталып салынгандыгы аныкталып, 2013-2014-окуу жылынан бери жыл сайын бир-экиден окуучу эс-учун жоготуп жыгылып жаткандыгы белгилүү болгон.

Райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасы менен эс учун жоготуп жыгылган окуучуларды медициналык кароодон өткөргөндө: кан аздуулук – 2, тубаса жүрөк оору – 1, аллергиялык бронхит – 1, аллергиялык коньюктивит боюнча 3 диагноз аныкталган.

Кийин мектептин санитардык абалы жана курулуш материалдары текшерилип, ал зыянсыз деп табылган. Бирок райондун акиминин кайрылуусунун негизинде Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мектептин курулуш материалдарын изилдөөгө алып, жогорудагыдай жыйынтык чыгарышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×