Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 22.06.2019 13:50

Өзгөндүн Дөң-Булак-2 айылындагы эски чайкана бала бакчага айланды

Turmush -  20-июнда Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Дөң-Булак-2 айылында «Жыргалай» бала бакчасы пайдаланууга берилип, кызыл тасмасы кесилди. Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Дамира Айтиева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бала бакча 60 орунга ылайыкташкан.

«Буга чейин бала бакчанын имараты чайкана болчу. Бейөкмөт уюмдардын жана айыл өкмөттүн жардамы менен имарат толугу менен капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү. Буга чейин биздин айылда бала бакча болгон эмес. Жергиликтүү тургундар балдарын Өзгөн шаарындагы бала бакчаларга беришчү. Учурда 60 бала кабыл алынды», - деди Айтиева.

Буга чейин Дөң-Булак-2 айылынын айыл башчысы Мамат Эрматов чайкананын имараты ашар жолу менен салынганын билдирген.

«Биздин айылда 1986-1987-жылдары ашар жолу менен курулган чайкана бар болчу. Ал айыл өкмөттүн балансында турат. Бирок көп жылдардан бери кароосуз калган. Аны бала бакча үчүн ыңгайлаштырып, оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Ага «Бирге» долбоорунан 600 миң сом каражат бөлүнгөн. Жергиликтүү бюджеттен дагы жардам берилүүдө», - деп билдирген Эрматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×