Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 21.06.2019 16:32 На русском

Өзгөндүк дыйкан Жогорку соттун чечимин аткарбай жаткан тамеки чарбасына нааразы. Видео

Тойчубек жана Кубанычбек Карагуловдор
Тойчубек жана Кубанычбек Карагуловдор

Turmush -  Өзгөн районунун тургуну Тойчубек Карагулов 2 жыл мурун отургузган 171 көчөтүн тамеки чарбасы мыйзамсыз талкалаганын бүгүн, 21-июнь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн районунун Кара-Дарыя суусунун Ош—Өзгөн көпүрөсүнүн төмөн тарабында суу фондуна караган жер тилкесинин 100 гектары «Кара-Шагыл» коомдук фондуна 49 жылга убактылуу пайдаланууга берилген. Ага катар эле Өзгөн районунун тургуну Кубанычбек Карагуловго Дөң-Булак айыл өкмөтүн кесип өткөн Өзгөн каналынын оң жана сол тарабындагы суу фондунун жер тилкесинен 13 гектар жер ден соолукту чыңдоо жана балык чарбасын уюштуруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, күнөскана куруу максатында 49 жылга убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилген. Ал жерге Тойчубек Карагулов алчанын көчөттөрүн отургузган. Бирок аталган жерди Өзгөн районунун тамеки чарбасы талашып, алардын чырын Өзгөн райондук соту караган. Райондук сот тамеки чарбанын пайдасына чечим чыгарса, Ош облустук соту ишти К.Карагуловдун пайдасына чечип берген. Облустук соттун чечимин Жогорку сот дагы эч өзгөртүүсүз калтырган.

Т.Карагуловдун уулу К.Карагуловдун айтымында, Жогорку соттун чечимине карабай тамеки чарбасы алардын жериндеги көчөттөрдү талкалаган.

«Жогорку Соттун өкүмү турса дагы тамеки чарбасы өздөрүнүн техникасы менен менин көчөттөрүмдү талкалаган. 117 түп көчөт жок болду. Аны биз канча мээнет менен отургузганбыз. Ошондой эле суу фондунун жер тилкелерин 49 жылга убактылуу пайдаланууга берүү боюнча долбоорду өкмөттөн бүтүрүп берүүнү суранабыз. Менин көчөттөрүмдү талкалаган тамеки чарбасынан келтирилген зыянды төлөп берүүнү дагы талап кылабыз», - деди К.Карагулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×