Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 18.06.2019 10:32 На русском

Өзгөндө жаш жигит унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда жаш жигит унаасы менен 43 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кечээ, 17-июнь күнү эртең мененки саат 9:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 643-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн районунун Куршаб айылында Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган тургуну Э.О. өзүнүн «Хендай Портер» унаасын башкарып бара жатып, Базар-Коргон районунун 1976-жылы туулган тургуну Э.К.ны сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жөө жүргүнчү Э.К. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда аталган окуя боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×