Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 29.05.2019 14:35

Өзгөндө сарай жана үй өрттөндү

Turmush -  Өзгөн районунун Жаңы-Чек айылындагы сарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Атажанов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 210 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Өзгөн шаарындагы Токтогул көчөсүндөгү үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 88 чарчы метр чатыры күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×