Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 25.05.2019 10:00

Өзгөндүн Кара-Дыйкан айылындагы 20 жылдыктар 3 млн сомго медресе куруп жатышат

Turmush -  Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн Кара-Дыйкан айылындагы Т.Ташматов атындагы мектепти 1999-жылы бүтүргөн классташтар айылына 50 орундуу медресе куруп берип жатышат.

Айыл өкмөт башчысы Максат Ибраимов билдиргендей, классташтар мектептин алдына дагы 300 миң сомго таман таш төшөтүп беришкен.

«Мен өзүм быйыл мекепти аяктаганыма 20 жыл болду. Кара-Дыйкан айылындагы Т.Ташматов орто мектебин аяктагам. Классташтар биригип, айылга 50 орундуу 2 кабаттуу медресе салып берүүнү туура көрдүк. Медресе 3 млн сомго курулуп бүтмөй болду. Ошону менен катар мектебибиздин алдына таман таш бастырдык. Ага 300 миң сом сарпталды», - деди Ибраимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×