Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 24.05.2019 18:31 На русском

Видео — Камалган блогер сабалганын айтууда. Милиция жана дарыгер эмне дейт?

Блогер Бауржан Кадырбеков
Блогер Бауржан Кадырбеков

Turmush -  18-майда №25 убактылуу кармоочу жайдан бошотулган Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылынын 32 жаштагы тургуну Бауржан Кадырбеков Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сабалганын айтып чыкты. Бирок милиция кызматкерлери Бауржандын айтканы убактылуу кармоочу жайдагы жана сот залындагы видеокамераларга түшүп калган сөздөрүнө дал келбей жатканын айтышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүн блогермин деп тааныштырган Бауржандын айтымында, ал 8-май күнү Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан негизсиз, жалган жалаа менен камалган. Ал убактылуу кармоочу жайда аны милиция кызматкерлери ур-токмокко алышып, анын кесепетинен эки бутунан жаракат алганын билдирди. Бауржан учурда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.

«6-май күнү “Турсунбай-Ата” дүкөнүнөн мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү видеого тартып жатканда эки жигит менен уруша кеткем. Алар менин аброюма шек келтирген сөздөр менен тилдешкен. Анан мен милицияга телефон чалгам. Алар келип, "Өзгөн РИИБге арыз менен кайрылыңыз" деп, окуяны каттоого алышкан. Эртеси мени жана дүкөндө айтыша кеткен эки жигитти РИИБге чакыртышты. Ал жакка барсам, эки жигиттин бирөөсү апасын ээрчите барыптыр. Милиция бөлүмүндө ал жигиттин апасы менен айтыша кеттим. 8-май күнү РИИБдин кызматкерлери мени ошол аял жазган арыздын негизинде камап коюшту. Мен дагы ал аялдын үстүнөн, андан тышкары анын инисинин жана баласынын үстүнөн РИИБге арыз менен кайрылгам. Аларга чара көрүүнүн ордуна мени негизсиз камап салышты. Милиция кызматкерлеринин айтымында, Өзгөн районунун төрт тургуну менин үстүмдөн “биздин дүкөндөрдү видеого тартып, акча бербесек, интернетке чыгарып салам деп акча талап кылууда” деген арыз жазышыптыр. Мен эч кимден акча доолаган эмесмин. Милиция кызматкерлери мени сабашты. Ар кандай ыкмалар менен коркутушту», - деди Б.Кадырбеков.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Темиркан Жарматованын айтымында, Б.Кадырбеков тапшырган анализдердин жыйынтыктары жакшы болуп чыккан.

«Бауржан Кадырбеков бизге 19-май күнү кайрылган. Ал эки балдак менен таянып келген. Келгенде эле абалы менен таанышып, тиешелүү анализдерди алып, кан басымын, дене табын текшергенбиз. Томографиядан өткөн кагаздары да бар. Анда омуртка сөөктөрү жайында болуп, жаракат албаганы аныкталды. Эми анын нерв системасын текшерели деп жатабыз. Өзү сол буту жакшы кыймылдабай, көп баса албай жатканын айтууда. Анын себебин жакын арада аныктаганга аракет кылабыз», - деди дарыгер.

Ал эми Өзгөн РИИБдин жетекчиси Таалайбек Болтаев Б.Кадырбеков милиция бөлүмүндө сабалган жок деди.

«8-май күнү Бауржан Кадырбековго Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна (бейбаштык) ылайык жана опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки күнгө камалган. Анан Өзгөн райондук сотунун чечими менен 1 айга камакка алынган. Сабалганы боюнча айткандары сот залындагы, убактылуу кармоочу жайдагы видеокамераларга түшүп калган тасмаларга дал келбейт. Бизде да далилдер бар. Биз анын кандай бала экенин билебиз. Ошондуктан аны чертүүдөн да кооптонгонбуз», - дейт Таалайбек Болтаев.

Жактоочу Улукбек Бакыев 21-май күнү Бауржандын апасы Пашахан Мураталиева «Аруузат» аялдар коому менен биргеликте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгына, Ош шаардык прокуратурасына уулу милиция тарабынан ур-токмокко алынганы боюнча арыз менен кайрылганын билдирди. Жактоочу Бауржан Кадырбеков менен келишими аяктаганына байланыштуу аталган ишти көзөмөлдөй албай турганын кошумчалады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев да Бауржандын милиция кызматкерлери тарабынан сабалганы чындыкка дал келбей турганын айтты.

«Бауржан Кадырбековдун апасы Пашахан Мураталиева УКМКга, Ош шаардык прокуратурасына, ошондой эле Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматына уулу Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы боюнча доо арызы менен кайрылган. Бүгүнкү күндө иш акыйкатчынын көзөмөлүндө, андан тышкары Кыйноолорго каршы мамлекеттик борбор бул иштен кабардар. Тиешелүү экспертизилар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Алардын жыйынтыгы чыккандан кийин толук маалымат беребиз. Ал эми Өзгөн районундагы дүкөндө видеого туура эмес сүйлөп, өз ишине шалаакылык менен мамиле жасаганы түшүп калган милиция кызматкерлерине кызматтык иликтөө аяктагандан кийин жаза берилиши мүмкүн», - деди Жеңиш Ашырбаев.

Учурда аталган иш акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.

«Бул иш боюнча жабырлануучу бизге арыз менен кайрылган жок. Бирок иш биздин көзөмөлүбүздө турат. Азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын. Дайындалган экспертизалардын жыйынтыктары чыккандан кийин гана баа берүүгө мүмкүн», - деди өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси Аметжан Пазылов.

Буга чейин Turmush басылмасы өзүн жарандык активист жана блогер катары тааныштырган жаран опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Өзгөн райондук сотунун чечими менен 1 айга убактылуу камакка алынганын жазган.

Маалыматты толугу менен бул шилтемеден окуңуз

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×