Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 21.05.2019 12:13 На русском

Өз атасынан көз жарган 15 жаштагы кыз башка үй-бүлөгө асыроого берилди

Turmush -  Өзгөн районунда өз атасынан көз жарган 15 жаштагы кыз башка үй-бүлөгө убактылуу асыроого берилди. Бул тууралуу маалыматты «Ак жүрөк» кризистик борборунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 17-май күнү Өзгөн райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери 15 жаштагы кызды убактылуу камкордукка алган үй-бүлөгө өткөрүп беришкен. Бирок бул тууралуу аталган башкармалыктан так маалымат берүүдөн баш тартышты.

Буга чейин 15 жаштагы кыз көз жарып, бирок баласынан баш тарткан. Ал Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун көзөмөлүндө болчу.

«Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асылбекованын айтымында, 15 жаштагы кыз 5-апрель күнү Ош облустук төрөт үйүндө операция жолу менен көз жарган.

Ал эми кыздын атасы Өзгөн райондук соту тарабынан 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Окуя тууралуу:

Мажит (аты өзгөртүлдү, М.М.М.) 2018-жылдын июль айында болжол менен саат 01:00 чамасында Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында өзүнүн 9-класста окуган кызына карата күч колдонуп, зордуктаган. Кийин окуучу кыз өз атасынан кош бойлуу болгон.

Мажиттин айтымында, анын жубайы 2013-жылы оорудан улам каза болгон. Анын колунда кызы жана 4 уулу калган. 2015-жылы башка аял менен баш кошкон, бирок 1 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Окуя болгон күнү ал жыныстык катнашка барууну каалап, бирок адашып, кызынын бөлмөсүнө кирип кеткен. Кызынын каршылык көрсөткөнүнө карабай 2 жолу зордуктаган. Ал кызынын боюна бүткөнүн билген эмес.

Окуучу кыз операция жолу менен төрөп, бирок баласынан баш тарткан. Учурда ал Ош шаарындагы кризистик борбордун көзөмөлүндө жана эч ким менен сүйлөшпөйт. Аны соттук процесске катыштырышкан эмес.

Окуучу кыз буга чейин атасы аны өз бөлмөсүнө алып кирип, диванга отургузуп, бетине чапкылап, ич кийимдерин чечип зордуктаганын айткан. Кыздын айтымында, ал эсин жоготконуна карабай, атасы аны бир түндө 3 жолу зордуктаган.

Жыйынтыгында райондук сот айыпталуучу Мажитти 12 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

---------------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кыздын атасы кармалганын жазган. Атасы күнөөсүн мойнуна алып, авто кырсыктан кийин акыл-эси жайында эместигин билдирген. Бирок экспертизанын жыйынтыгында анын акыл-эси жайында болгон деген бүтүм чыккан.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчылары окуянын чоо-жайын билүү үчүн жабырлануучу кыз окуган мектепке барып келишкен (толук маалымат бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×