Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 17.05.2019 09:57

Тагдыр: Гүлсүн кызамык дартынан кийин баспай калган (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунун 28 жаштагы тургуну Кубат кызы Гүлсүн өзү сыяктуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2 жашында кызамык оорусунан улам ооруканага түшкөн.

«Апамдын айтуусу боюнча 2 жашымда кызамык менен ооруп, ооруканага жаткан экенмин. Ошондо дарыгерлер нерв тамырыма адашып укол сайып алышыптыр. Ошондон кийин убакыттын өтүшү менен бутум тырышып ооруп, бара-бара баса албай калдым. Ошол убакыттан бери 3 жолу операция болдум, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Аягында дарыгерлер нерв жабыркаган деген диагноз коюшту. Канча дарыланып, аракет кылсам дагы айыга алган жокмун. Кыйын күндөрдө мага үй-бүлөм жана досторум жардам берип келишет», - дейт ал.

Анын айтымында, учурда ал майып адамдардын укугун коргогон коомдук фонддо иштеп жатат.

«Учурда «Данакер» коомдук фондунда тигүү курсунда окуп жатам. Тикмечиликке мурда эле кызыкчумун. Мындан тышкары, «Чынар» коомдук фондунун ревизорунда иштейм. Бул фонд мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргойт. Майыптыгы бар адамдарга алардын өз укуктарын таанууга, адамдык баалуулугун жогорулатууга, билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, медициналык жардам алуусуна жана коомдогу ордун табуусуна жардам берүү максатында ар кандай иш-чараларды өткөрөбүз», - деди ал.

Анын айтымында, анын арабада отурганына таң калып карагандар дагы болот.

«Ооруканада жатсам бир жигит келип: «Эмне себептен майыптык арабага олтуруп калдың?» деп сурады. Мен тамашалап: «Жигитим чанып кеткенде, кабаттан өзүмдү таштадым» деп айтсам, ал ишенип алды. Кайра мени «жигит үчүн дагы ушундай жолго барасыңбы?» деп урушуп баштаганда тамаша экенин айттым», - дейт ал.

Гүлсүн «Чынар» коомдук фонду аркылуу көптөгөн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүү анын негизги максаты экенин айтат. Ал үй-бүлөдө 7 бир туугандын алтынчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×