Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 14.05.2019 17:53 На русском

Өзгөндө танкадан эстелик тургузулду (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылында танкадан эстелик орнотулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Кутманбек Эралиев билдирди.

Анын айтымында, эстеликти орнотууга 375 миң сом сарпталган.

«9-май — Жеңиш майрамына карата айылга танканын эстелигин тургуздук. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет тарабынан танка берилген. Ал эми пайдубалын тургузуп, айланасын тосууга жана согушта курман болгондордун аты жазылган мрамор таш үчүн жергиликтүү бюджеттен 375 миң сом сарпталды. 9-май күнү эстеликтин ачылышы болуп, улуу муундун өкүлдөрү чакырылып, ооз ачыруу уюштурулду», - деди Кутманбек Эралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×