Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 13.05.2019 10:33

«Сени куткарып калууга даярбыз»: Москвага иштегени кеткен Асхат Бекташов 15 жылдан бери дайынсыз

Дайынсыз жоголгон Асхат Бекташов
Дайынсыз жоголгон Асхат Бекташов

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын 1974-жылы туулган тургуну Асхат Бекташов 2004-жылдан бери дайынсыз. Бул тууралуу анын бир тууганы Талант Бекташов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Бекташов 2004-жылы Россияга иштегени кетип, бирок 6 айдан кийин дайынсыз жоголгон.

«Асхат Россиянын Москва шаарындагы дүкөндөрдүн биринде күзөтчү болуп ишке орношуп, 6 ай телефон аркылуу үйдөгүлөр менен байланышып жүрчү. Кийинчерээк паспортун жоготконун айтканда Кыргызстандан жаңы паспорт жасатып, тааныштар аркылуу салып жибергенбиз. Бирок паспортту алып-албагандыгы белгисиз бойдон калды. Себеби ал колдонгон телефон номурга чалсак иштебей калыптыр. Ошондон бери байланышка чыга элек. Акыркы жолу 2008-жылы кошуна балдар аны Москва шаарындагы Казань бекетинен көрүшүптүр. Асхат, кокус кыйынчылыкка кабылып, алыста бизге айта албай жүрсөң сөзсүз кабар бер. Сени куткарып калууга даяр экенибизди унутпа», - деди Талант Бекташов.

Асхаттын өзгөчө белгилери: чачы кара жана тармал, бою 170 сантиметр, арык чырай. Курсагында операциядан калган тырык бар.

Асхатты көрүп-билгендер болсо 0556 007 001, 0779 675 241 жана (03222) 6 53 65 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×