Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 09.05.2019 09:42 На русском

Өзгөндө согуш ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды

Turmush -  Кечээ, 8-майда Өзгөн районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагерине 35 миң сомдон акча берилип, сый көрсөтүлдү.

Акимчиликтин маалыматына караганда, аким Бактыбек Алайчиев баш болгон чиновниктер Какыр айылындагы Үмөтов Мамет, Шамал-Терек айылындагы Сатыгулов Турду, Мырза-Аке айылындагы Курманалиев Кудайберди аталардан кабар алышты.

Берилген акча:

- Президенттин резервдик фондунан ар бирине 20 миң сомдон;

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан ар бирине 5 миң сомдон жана азык-түлүктөр;

- Өзгөн районунун акимчилигинен ар бирине 5 миң сомдон;

- Айыл өкмөттөрдөн ар бирине 3-5 миң сомдон;

- Мекеме-уюмдардан акчалай сыйлыктар жана азык-түлүктөр.

Өзгөн шаарынын мэри Мухтаржон Халматов да согушта каза болгон ардагерлердин жубайларынан кабар алып, материалдык жардам көрсөтүлдү. Өзгөн районунан Улуу Ата Мекендик согушка 7 миң 147 адам катышкан. Алардын ичинен 4 миң 403 жоокер мекенине кайтып, 2 миң 744 жоокер согуш талааларында курман болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×