Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 06.05.2019 09:35

Өзгөндүн эки айыл өкмөтүнө 2019-жыл келе элекпи? (сүрөт)

Баш-Дөбө айыл өкмөтү
Баш-Дөбө айыл өкмөтү

Turmush -  Өзгөн районунун Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнүн тургундары аталган эки айыл өкмөттө 2018-жылга тиешелүү баннерлер дале илинип тургандыгын аймактык кабарчыга билдиришти.

2019-жылдын май айы келгенине карабай аталган 2 айыл өкмөттө «2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылы» деген баннерлер алмаштырылган эмес. Эски баннерлерди Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кире беришинде жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн имаратынан көрүүгө болот.

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Зулпукаровдун айтымында, айыл өкмөт боюнча бир гана баннер алмашыла элек.

«Биз айыл өкмөттүн имаратындагы баннерди алмаштырганбыз. Учурда айыл өкмөттүн кире беришиндеги жазуу гана алмашыла элек. Ал жакынкы күндөрү алмашылат. Биз мамлекеттик сатып алуу порталына маалымат жайгаштырып, андан соң алмаштыралы деп жатканбыз», - деди К.Зулпукаров.

Ал эми Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Зуура Абакирова бул маселе боюнча мамлекеттик сатып алуу порталына маалымат берилгенин, жакынкы күндөрү эски баннерлер толугу менен алмаштырыларын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×