Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 30.04.2019 08:14

Өзгөндөгү окуучулар гидрометеорологиялык станциянын иши менен таанышып чыгышты

Turmush -  Кечээ, 29-апрелде Өзгөн районунун Жээренче айылындагы Ж.Мойдунов атындагы орто мектебинин окуучулары ӨКМдин Өзгөн бириккен гидрометеорологиялык станциясынын иши менен таанышып чыгышты.

Министрликтин маалыматына караганда, станциянын башчысы Шайбек Жоробаев окуучуларды метеостанциянын жумушу менен кеңири тааныштырды. Иш-чаранын катышуучулары абанын температурасы, нымдуулугу, жамгырдын көлөмү, жердеги топурактын температурасы, шамалдын ылдамдыгы кантип жана кандай жабдыктар менен өлчөнөрүн практика жүзүндө көрүштү. Алар мындан тышкары кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.

Тактама:

Өзгөндөгү аба ырайын байкоо станциясы 1928-жылы ачылган. Анда гидрология жана метеорология бөлүмдөрү болгон. Станцияда 8 гидропост иштейт. Өзгөн бириккен гидрометеорологиялык станциясына Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай, Араван райондору карайт. Эң алысы 360 чакырым алыстыкта жайгашкан Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон гидропосту. Ал эми Кичи-Алай гидропосту 175 чакырым алыста жайгашкан. Эң жакын гидропост 23 чакырым алыста жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×