Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 29.04.2019 10:50

Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан өзгөндүк 4 адам нур оорусунан каза болгон

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунда Чернобыль кырсыгынын жоюлганынын 33 жылдыгына карата иш-чара өттү. Анда кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөн районунан 28 адам катышса, алардын төртөө нур оорусунун (лучевая болезнь) айынан каза болгондугу айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган иш-чарага Чернобыль апаатынын катышуучулары жана кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү чакырылган. Алгач каза болгондор эскерилип, андан соң катышуучуларга концерттик программа тартууланган. Ошондой эле ардак грамоталар ыйгарылып, сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×