Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 27.04.2019 12:06 На русском

Өзгөндөгү Кызыл-Чарба айылында сел жүрдү (сүрөт)

Кызыл-Чарба айылы
Кызыл-Чарба айылы

Turmush -  25-апрель күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Чарба айылында каналдан ташыган суу жолдорду каптаган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматты аталган айыл өкмөттүн башчысы Эдил Инашов дагы тастыктады. Анын айтымында, каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, айылдын жолдорун каптаган. Бирок ташыган суу үйлөрдү каптаган эмес жана эч ким материалдык зыян тарткан жок.

«Бизде кокту-колоттордон топтолгон суу Кызыл-Чарба каналы аркылуу келип, сай менен агып кетчү. Бул жолу коңшу айылдын тургундары сайга кетүүчү агымдын жолун тосуп салышкандыктан, каналдан суу ташыган. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен бирге жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», - деди Э.Инашов.

Ал буга чейин Кызыл-Чарба каналы толугу менен тазаланганын дагы кошумчалады.

Кызыл-Чарба айылында жалпысынан 230 түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×