Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 23.04.2019 15:58 На русском

Таштак жерден 50 тонна түшүм жыйнаган дыйкандар: Кыргызстандагы брендден киреше тапкан кооператив (видео, сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районундагы «Манас» кооперативи 16 жыл мурун негизделген жана кооперативдеги 200гө жакын дыйкан Өзгөн күрүчүн өстүрүшөт. Күрүч эгүүгө даярданып жаткан дыйкандар менен аймактык кабарчы таанышты.

«Манас» кооперативинин башчысы Шавкатбек Салиев чарбанын жалпы аянты 67 гектар болсо, анын 48 гектар жерине күрүч, калган 19 гектар жерге жүгөрү өстүрүшө турганын айтты.

«Манас» кооперативин 2006-жылы түптөгөнбүз. Кара-Дарыянын жээгинде жайгашкан. Жерлердин 30 гектары Дөң-Булак айыл өкмөтүнө карайт. Ал жерди ижарага алып, пайдаланып келе жатабыз. Жашылча-жемиштерди дагы эгебиз. Жыл сайын 40-50 тонна күрүчтү сатыкка чыгарабыз», - деди Ш.Салиев.

Аталган чарбанын дыйкандары Кара-Дарыя суусунун жээгиндеги таштак жерди иштетишет. Жаз келгенде таштарды терип, айдап-себүү иштерине даярдана башташат.

«Бул жерден башка жерлерге салыштырмалуу 15-17 пайызга түшүм аз алынат. Бирок ага карабастан дыйкандар жерди иштетип жатышат. Кээде дарыянын суусу көбөйгөндө күрүч талаасын каптап кетет. Бизге тоскоолдук жаратат. Жыл сайын арыктарды суу жеп кетет. Учурда жазгы талаа иштери башталды. Таштарды терип, күрүч эгүүгө даярданып жатабыз. Күрүчтү май айында эгебиз», - дейт Шавкатбек мырза.

Базарларда Өзгөн күрүчүнүн 1 килограммы 100-120 сомдун тегерегинде сатылат. Бирок дыйкандар аны ортомчуларга арзан эле сатышат.

«Өзгөн күрүчү өлкөдө бренд десек болот. Базарларда 100-120 сомдон сатылса, биз 50 сомдун тегерегинде эле сатабыз. Айрым учурларда дыйкандардын мээнети акталбай калат. Кээ бир жылдары жакшы пайда берет. Элдин киреше таба турган башка иши жок. Жыл сайын күрүч өстүрүшөт», - дейт кооперативдин жетекчиси.

Дыйкандар бийликтен Өзбекстандан алынып келген жер семирткичтерди көзөмөлгө алып, ортомчусу жок, арзан баада алып келүүнү өтүнүшөт.

«Азыр Өзбекстан менен чек ара ачылып жакшы болуп калды. Бирок бизге келген жер семирткичтер кымбат болуп жатат. Себеби ортомчулар өздөрү каалаган баада сатышат. Мамлекет көзөмөлгө алып, бааны турукташтырып берсе жакшы болот эле», - деди Ш.Салиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×