Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 19.04.2019 15:09

Өзгөндө сууга жетпеген тургундардын балдары мектепке жүк ташуучу унаа менен барып, кайра жөө келишет (видео, сүрөт)

Ынтымак айылы
Ынтымак айылы

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын жашоочулары узак убакыт бою суунун жоктугуна нааразы болуп жатышат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ынтымак айылынын тургуну Садыр Дубанкулов суу колонкаларына 5-6 күндө бир жолу суу келип жатканын айтты.

«Суу келген убакта чоң идиш-аяктарга толтуруп алабыз. Малдарды 500 метр алыстагы каналдан сугарабыз», - деди ал.

Ынтымак айылынын дагы бир жашоочусу Нургазы Аккулов мектептин алыстыгынан балдар окууга жүк ташуучу унаа менен барууга мажбур болуп жатышканын билдирди.

«Мектеп 6 км алыста жайгашкан. Өзүбүздүн айылда 1-4-класска чейинки окуучуларды окутуп жатышкан. Азыр балдар коңшу айыл өкмөттөгү мектепке эртең менен оор жүк ташуучу унаа менен кетишет. Кайра кайтканда унаалар албай, жөө келишет», - дейт Н.Аккулов.

Ынтымак айылы Куршаб айылынан 4 км алыста жайгашкан. Жергиликтүү тургундар азык-түлүк сатып алуу үчүн жолго чыкканда дагы кыйынчылыктарга туш болушат. Алар ушул убакка чейин бир дагы маршруттук каттам ачылбаганына нааразы.

Бирок жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көйгөйлөр ирети менен чечилип жатканын айтышты. Алар айылдын борбордук көчөсүнө асфальт төшөлүп, суу убагында берилип жатканын билдиришти.

«10 күндөн бери суу түтүгү бузулуп, суу берүү 5-6 күнгө үзгүлтүккө учурады. Ошону эсепке албаганда күнүнө эки сааттан суу берилип жатат. Суу топтоочу кампага 4 күнгө жеткидей суу сордуруп алабыз. Ал эми мектеп маселесине токтоло турган болсок, мектептин алыс жайгашканына байланыштуу 1-4-класска чейинки окуучуларды айылда окутуп жатышыптыр», - деди Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Руслан Талантбек уулу.

Ынтымак айылында 361 түтүн, тактап айтканда 1121 адам жашайт. Дагы 825 үй-бүлө көчүп келе элек. Тургундардын көпчүлүгү Караташ, Жалпак-Таш, Чангет, Көлдүк, Алтын-Булак айылдарынан жер көчкүдөн улам көчүп келгендер.

Буга чейин Turmush басылмасы Ынтымак айылындагы мектептин курулушу бүтпөй, окуучулар 7 чакырым алыстагы мектепке барууга аргасыз болуп жатышканын жазган.

Жергиликтүү тургун Рысбек Парманкулов окуучулар мектепке баруу үчүн түнкү саат төрттө туруп даярданышаарын айткан.

«Биз жер көчкүдөн улам Жалпак-Таш айыл өкмөтүнөн көчүп келгенбиз. Окуучулар жаңы мектеп толугу менен курулуп бүтпөгөнүнө байланыштуу балдарыбыз 7 чакырымды жөө басып, Куршаб айыл өкмөтүндөгү Токтогул мектебине барып жатышат. Эртең менен, түштөн кийин окуган балдар да кыйналышат. Менин да неберелерим мектепке барат. Кечигип барса, мугалимдери урушат экен. Суук болгон күндөрү барбай калып жатышат. Ээн талаада кечкисин чөөлөр көп болот. Балдарыбыздын алыс мектепке барганы бизди түйшөлтүүдө. Айрым учурда өзүбүз жеткирип келебиз. Жаңы курулуп жаткан мектепте башталгыч класстын окуучулары гана окуп жатышат. 5-класстан жогору окугандар Токтогул мектебине барышат. Бизге жаңы мектепти тезирээк ачып беришсе жакшы болмок», - деген Р.Парманкулов.

Ынтымак айылындагы жаңы курулуп жаткан 275 орундуу мектепке Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылганын мектептин директору Раиса Турдубаева билдирген.

«Биз 178 баланы каттоодон өткөргөнбүз. Мектептин курулушу толугу менен бүтө электигине байланыштуу башталгыч класстын 60 окуучусу гана билим алууда. Мектеп ачылса 11-класска чейинки окуучулар ушул мектептен билим алышат», - деген ал.

Ал эми Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиевдин айтымында, мектептин курулушунун кечигип жатканына курулуш компаниянын кызматкерлеринин жалкоолугу себеп болгон.

«Курулуш компаниянын жумушчуларынын жалкоолугунан мектептин курулушу аяктабай турат. Анын курулушуна 6 млн 900 миң сом бөлүнө элек. Ушул каражатты айтып, жумуштарды кечеңдетип жатышат», - деген Б.Алайчиев.

Аталган мектептин жалпы сметалык баасы 92 млн сомду түзөт. Өткөн жылы экс вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин Ош облусуна болгон сапарында мектептин курулуш иштери жай жүрүп жатканы маалым болгон. Анда мектептин курулушу өткөн жылдын 25-декабрында бүтөрү айтылган. Арадан 1 жыл өткөнүнө карабай, мектептин курулушу толугу менен бүтө элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×