Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 19.04.2019 10:09

Өзгөндө турак үй, бастырма өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 6 бөлүм жөнөтүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-апрелде билдирди.

Оштогу Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагындагы Мырза-Аке айылында жайгашкан турак үйдө өрт чыкты. Анын кесепетинен үйдүн 210 чарчы метр аянты жана бастырма толугу менен күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×