Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 18.04.2019 09:28

Өзгөндө күрүч өндүрүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулашты

Өзгөн району
Өзгөн району

Turmush -  Кечээ, 17-апрель күнү Өзгөн районунда экологиялык жактан таза күрүч өндүрүүдө заманбап тажрыйбаларды жайылтууга багытталган жыйын өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

«Өзгөндө экологиялык жактан таза күрүч өндүрүүдө заманбап тажрыйбаларды жайылтуу» деп аталган жыйынга айыл чарба жаатында иш алып барган ишканалардын өкүлдөрү, дыйкандар жана сатуучулар келишкен. Ошондой эле иш-чарага тажрыйба алмашуу үчүн Россиядан келишкен Краснодар күрүч институтунун илимий кызматкерлери В.Ковалев жана В.Ладатко катышты.

Жыйындын алкагында катышуучулар экологиялык жактан таза күрүч өндүрүүнүн ыкмаларын жана бул багыттагы заманбап технологиялар боюнча маалымат алышып, пикир алмашуу болду. Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев Өзгөн күрүчүн өстүрүүдө химиялык жер семирткичтерди, боёкторду жана гербициддерди колдонбостон, Өзгөн күрүчүнүн табигый уругун сактап калуу зарыл экендигин белгиледи. Ал бул багытта илимий институттар менен кызматташуу жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×