Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 16.04.2019 13:34 На русском

Өзгөндө кароосуз калган чайкана жаңы бала бакчага айланды (сүрөт)

Дөң-Булак-2 айылындагы жаңы бала бакча
Дөң-Булак-2 айылындагы жаңы бала бакча

Turmush -  Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Дөң-Булак-2 айылында бала бакчанын имараты бир жумадан кийин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Дамира Айтиева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бала бакча 60 орунга ылайыкташкан.

«Буга чейин бала бакчанын имараты чайкана болчу. Учурда бейөкмөт уюмдардын жана айыл өкмөттүн жардамы менен имарат толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Буга чейин биздин айылда бала бакча болгон эмес. Жергиликтүү тургундар балдарын Өзгөн шаарындагы бала бакчаларга беришчү. Балдардын тизмесин тактап койгонбуз. Ата-энелер балдарынын документтерин даярдап жатышат», - деди Д.Айтиева.

Дөң-Булак-2 айылынын башчысы Мамат Эрматовдун айтымында, буга чейин чайкананын имараты ашар жолу менен салынган.

«Биздин айылда 1986-1987-жылдары ашар жолу менен курулган чайкана бар болчу. Ал айыл өкмөттүн балансында турат. Бирок көп жылдардан бери кароосуз калган. Аны бала бакча үчүн ыңгайлаштырып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Ага "Бирге" долбоорунан 600 миң сом каражат бөлүнгөн. Жергиликтүү бюджеттен дагы жардам берилүүдө», - деди М.Эрматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×