Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 09.04.2019 10:30

Өзгөндөгү балык чарбанын жери талашка түштү. Үй курулган жерди ким берген? (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн районундагы мамлекеттик балык чарбанын жетекчиси Закир Козубеков чарбанын жерлери Дөң-Булак айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз берилип жатканын айтып чыкты. Бирок айыл өкмөт башчысы дооматтарды четке кагууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган балык чарбасынын жетекчиси Закир Козубековдун айтымында, балык багуучу көлмөлөрдүн жанына үйлөр салына баштады.

«Менин артымда турган жерлер балык чарбанын көлмөлөрү. Биз турган жерге үйлөрдүн пайдубалы түптөлүп, мыйзамсыз салынып жатат. Дөң-Булак айыл өкмөтү менен жерди 4 жылдан бери такташа албай келе жатабыз. 2014-жылы балык чарбасына жетекчи болуп келип, 2015-жылы жерлерибизди карта аркылуу тактаганыбызда, айыл өкмөт жерди мыйзамсыз пайдаланып жатканы аныкталган. Чарба түптөлгөндөн бери биздин жерлер айыл өкмөткө өтсүн деген бир дагы расмий кагаз болгон эмес. СССР учурунда Ош облустук аткаруучу комитети чарба уюшулганда ага 474 гектар жер бекитип берген экен. 2002-жылы 100 гектар жер үлүш жер катары берилип кетиптир. 180 гектардан ашык жер балык чарбанын каттоосуна алынбай калыптыр», - деди З.Козубеков.

Балык чарбанын аймагына мыйзамсыз үй салып алды делген Машрапжан Эргешов жерди айыл өкмөттөн мыйзамдуу алганын айтты.

«Жерди алганыма 3 жыл болуп калды. Кызыл китебин ала элекмин. Кимден алганымды айта албайм. Айыл өкмөттөн мыйзамдуу эле алгам. Бул жер жараксыз жер болгон. Биз бул жерди иштетип, өздөштүргөнбүз», - дейт М.Эргешов.

М.Эргешовдун жубайы аталган жерди тегиздеп, түздөгөндөн кийин талаш башталганын айтып, нааразы болду.

«Бул жерлер таштанды ташталган жер болчу. Жерди тегиздеп үй-жай салдык, оңдоп-түздөдүк. Биз бул жерди тегиздей электе жердин ээлери кайда эле?», - деди атын атагысы келбеген үй ээсинин жубайы.

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү дагы айтылган дооматтарды четке кагып, учурда бул иш териштирилип жатканын билдиришти. Айыл өкмөттүн жер боюнча адиси Фарухбек Матосмонов балык чарбасы сот аркылуу 1 турак үйдү буздурганын айтып, талашка түшкөн жердин картасын көрсөттү.

«Талаш болуп жаткан 10 гектар жер күрүч совхозуна өтүп кеткен. Себеби СССР учурунда 77 гектар жерге күрүч совхозу уюштурулсун деген чечим чыгып, балык чарбанын 10 гектар жери дагы ага кошо өткөн. Учурда «Манас» күрүч кооперативи бул жерди ижарага алып, пайдаланып келе жатат. Үй салынган жерлерге айыл өкмөт уруксат берген эмес. Учурда ал жерлер териштирилип жатат», - дейт жер боюнча адис.

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн юристи Эсенбек Полотбеков талаш жер боюнча ишти райондор аралык сот кароосуз калтырганын айтты.

«2010-жылы 12-октябрь күнү Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 164-токтому менен 10 гектар жер балык чарбасына өткөрүлгөн. Бирок балык чарбасы "биздин жерибиз көп болчу, айыл өкмөт жерди аз берип койду, токтомду жокко чыгарып бергиле" деп райондор аралык сотко кайрылган. Сот процессине мен барып катыштым. Сотто токтомдун мөөнөтү боюнча арыз каралган. Токтомдун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот ишти кароосуз калтырды. Учурда талаш жер боюнча прокуратура териштирүү иштерин жүргүзүп жатат», - деди Э.Полотов.

Өзгөн мамлекеттик балык чарбасы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн карамагында. Чарба 1968-жылы уюшулуп, анын жалпы аянты 474 гектарды түзгөн. Кийин анын 100 гектар жери үлүш жер катары бөлүнүп кетсе, 180 гектардан ашык жери балык чарбанын аянты катары каттоого алынбай калган. Талаш жаратып жаткан 10 гектар жер балык чарбасына катоого алынбай калды делген 180 гектар жердин бир бөлүгү. Учурда чарбанын жанына 2 үй курулуп, 1 үйдүн пайдубалы тургузула баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×