Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуКочкор району 18.04.2019 21:00 На русском

«Абышкамдын аялы менен ынтымактуу жашадым»: Экинчи күйөөсүнө токол болгон Сайрабүбү апанын баяны

Turmush -  Сайрабүбү Исраилова Кочкор районундагы узак жашаган кадырман карылардын бири. Быйыл ал 97-жазын тосуп отурат. Кылымга тете жашаган Сайрабүбү Исраилова менен аймактык кабарчы таанышты.

Сайрабүбү Исраилованын айтымында, 1922-жылы жарык дүйнөгө келген.

«Менин балалык чагым адегенде эле Совет бийлигинин кулакка тартуу саясатына туш келди. Ата-тегим оокаттуу үй-бүлө болгондуктан атамды Сибирге айдашты. Атам кайрылып келген жок. 3 бир тууганым согушка кетип, кайра келген жок. Апам Анипа бизди багып калды. Уруш башталардан мурун күйөөгө тийип, күйөөм Супар экөөбүз 1 жылдай жашадык. Анан аны согушка алып жөнөштү. Андан тез эле ажырап калдым. Жаш калды, окусун дешти го. Нарындан мал доктурдун окуусун окуп келип, малдын ден соолугун текшерип баштадым. Ат минип алып, жайлоодогу малчы, жаздоодогу сакманчыларга барып, малга дары берчүбүз.

Зоотехник болуп иштеген Молдош Исраилов деген үй-бүлөлүү адамга башымды байлап, 1943-жылдары кайрадан күйөөгө чыктым. Күйөөмдүн байбичеси бар болчу. Аты Шайырбүбү. Мен 21 жашымда келсем, ал 35 жаштарда болчу. Байбиче 5 бала төрөп, мен 4 бала төрөдүм. Балдарымдын үчөө кичине кезинде эле көз тийип чарчап калышты. Азыр 1 кызым жана анын кыздары бар. Мени Молдошко ушул байбиче алып бериптир. Ал экөөбүз чогуу жумуш жасап, бир да жолу бири-бирибизге үн көтөрүп сүйлөгөн жокпуз. Абышкам экөөбүз кээде уруша кетсек мага жан тартып, менин сөзүмдү сүйлөп турчу. "Сайраш келип, кийимдин баарын тигип берип жатат" деп күйөөбүздү — Молдошту урушуп калар эле», - деди ал.

Сайрабүбү апа турмушка чыккандан кийин мал доктур болуп иштеген эмес.

«Оорукта иштедим. Жүндөн чокой, мээлей, колумдан келгенин жасап, өткөрүп берчүбүз. Согуш басылгандан кийин абышкам жумушун өткөрүп берди. Уй багып, уйчу болдук. Байбиче экөөбүз тең жайлоого барып, жайлап келчүбүз. Кийин байбиче ооруп жүрүп өтүп кетти. Ал каза болгондо жаман болдум. Бир нерсе жетишпегендей, бук болуп жүрдүм. Бирок бул сезимдерди эч бир жанга айткан жокмун. Айтсам деле эч ким ишенмек эмес.

Кийин келиндүү болгондо боз үй көтөрүп, боз үйдүн жасалгаларын жасап чыктык. Неберем Жаныбекти (байбиченин баласынын уулу) эмчек эмизип баккам. Учурда ушул неберемдин төрүндө отурам.

Жаштарга ыйман жана акыл тилейм. Заман жакшырды», - деди ал.

Сайрабүбү Исраилованын ден соолугу жакшы. Учурда небере-чөбөрөлөрүнүн маңдайында бактылуу карылыкты кечирип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×